45

07

июнь
2023

Бизде жогорку билимдүүлөр көп, бирок негизги тейлөөчү кызматкерлерге муктажбыз, - министрдин орун басары

17-мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейинде өткөн ачык эшиктер күнүнө катышып, лицейдин окуу бөлмөлөрү, техникалык базасы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Расул Абазбек уулу кесиптик лицейлерге болгон мамилени толугу менен өзгөртүү керектигин белгиледи. Анткени эң негизги жумуш берүүчүлөрдү даярдаган багыт — бул кесиптик лицейлер. 

«Министрлик жумушчу кесиптерди даярдоого артыкчылык берет. Бизде жогорку билимдүүлөр көп, бирок негизги керектүү тейлөөчү кызматтарга муктажбыз. Анын ичинде үй тиричилик техникаларын оңдогон, компьютер менен иштеген адистер жетишсиз. Жаңы тенденциялар менен катар керектүү кесиптерди даярдашыбыз керек. Кесиптик лицейлер эң приоритеттүү кесип ээлерин даярдап чыгарат. Кесиптик билими бар бала турмушта сөзсүз өз ордун табарына ишенем», - деди министрдин орун басары. 

Ошондой эле Расул Абазбек уулу 10-11-класстардын балдарын профилдик окутуу абдан маанилүү экендигин белгилеп, келечекте бул нерсени ишке ашыруу керектигин кошумчалады.